Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Баракелде

Топурак менен тартылган портрет: Т.Койчуманов Т.Океев менен С.Чокморовдун сүрөтүн тартты (видео)

Turmush -  Сүрөтчү Толгобек Койчуманов белгилүү актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун жана кинорежиссер Төлөмүш Океевдин портретин топурактын (ылай) жардамы менен тартты.

«Айтыш фильм» киностудиясынын маалыматына караганда, автор эмгектерин 17-ноябрда белгилене турган кыргыз тасмасынын күнүнө арнады.

«Сүрөттөр аукционго коюлат жана анын баштапкы баасы 50 миң сомду түзөт. Аукциондон түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат», - деп айтылат маалыматта.

портрет

Т.Койчуманов АКИpress агенттигине топуракка атайын жабыштыруучу каражат кошулганын билдирди. Ал мунун негизинде сүрөттөр сапатын жоготпой турганын кошумчалады.

Толгобек Койчуманов — кесипкөй сүрөтчү. Ал 15 жылдан бери сүрөт тартуу искусствосунда эмгектенип келет. Ошондой эле, 2014-жылы экранга чыккан «Аку» мультипликациялык тасманын автору. Сүрөтчү буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин жана акын Токтогул Сатылгановдун портретин өзгөчө ыкма менен тарткан. Мындан тышкары, анын быйылкы эмгектеринин катарын манасчы Саякбай Каралаевдин айран менен тартылган сүрөтү толуктайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2362
Көп окулду
×