Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Эмгек-талаалык С.Курманбеков 15 миң сомдук зер буюмдарды жасайт (фото)

Turmush -  Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынын 24 жаштагы тургуну Санжар Курманбеков 15 миң сомдук зер буюмдарды жасайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, атасы булгаары менен иштеген уста.

«Бала кезимде атам менен кошо жүрүп, көп нерсени үйрөнүп алдым. Мектепти аяктаган соң С.Чокморов атындагы окуу жайга тапшырып, зергерчилик кесипке ээ болдум. 2011-жылдан бери зергерчилик менен алектенип келем. Зергерчилик менен иштөө майда жумуштардын бири. Материалды ээритип, ага сөйкө же шакектин формасын түшүрүп, оймо-чийме салып жасоо бир топ күндү талап кылат. Кээ бир кардарларым күмүштөрдү өздөрү алып келип жасатып кетет. Эгер өздөрү алып келип жасатса баасын 2 тарап тең бирдей кылып чечишип алабыз. Сөйкө, шакек, билериктер граммына жараша 15 миң сомго чейин сатылат. Жасаган зер буюмдарым көбүнчө коңшу өлкөлөргө сатылууда.

Учурда өзүм жалгыз иштейм. Эгер буйрутма көп түшүп, жумуш көп болсо иштеп жүргөн балдарды жардамга чакырам. Мындан тышкары атама булгаарыдан буюмдарды жасашып жардам берип жүрөм», - дейт ал.

Зергер жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 320
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×