Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 28 жаштагы мугалим А.Турдумбаева «Мыкты тарбиячы» сынагында 3-орунду багындырды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 28 жаштагы тургуну Айгерим Турдумбаева «Мыкты тарбиячы» сынагына биринчи жолу катышып, 3-орунду багындырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал бала бакчада 4 жылдан бери иштеп келет.

«Чүй облусундагы Сокулук №3 орто мектебин аяктап, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тили жана орус адабияты бѳлүмүн бүткѳм. Эмгек жолумду 2013-жылы Сокулуктагы «Татынакай» бала бакчасынан иштеп баштагам. Жакында эле «Мыкты тарбиячы» сынагына катышып, 3-орунду алдым. Белекке деп принтер беришти. Ага 10 бала бакчанын тарбиячылары катышыптыр. Сынакка катышабыз деп бала бакчадагы тарбиячылардын баары анкета толтурганбыз. Эки тарбиячы ѳтүп кеттик. Ошентип сынакка да катыштым. Жалпы 6 орун бар экен, мен 3-орунун алдым», - деди ал.

Айгерим Турдумбаева Нарын облусунун Ат-Башы районунда 1989-жылы тѳрѳлгѳн. Ал үй-бүлѳлүү, 3-класста окуган Кайрат аттуу уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 249
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×