Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

Стюардесса учактан кулап, омурткасы сынды

Turmush -  Кытайдын Xiamen Air авиакомпаниясынын стюардессасы эл аралык Чжэнчжоу аба майданында учактан кулап түштү.

The Daily Mail басылмасынын маалыматына караганда, ал лайнер жана авиа тепкичтин ортосундагы жылчыкка кулаган. Стюардесса ал мезгилде учактын бортуна жүргүнчүлөр үчүн тамак-аш салынган контейнерлерди кабыл алып жаткан. Ал жаза басып, жерге кулап түшкөн. Анын кесепетинен стюардессанын омурткасы сынып, ага ыкчам операция жасалган. Бирок буга карабастан ал иштөө жөндөмдүүлүгүнөн ажырады.

Кытайлык кыз 3 метр бийиктиктен кулаган. Маалыматта белгиленгендей, учурда окуянын себебин тактоо иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2704
Көп окулду
×