Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Россияда кыргызстандык адамды өлтүргөн өзбекстандык таксист камалды

Turmush -  Екатеринбургда өзүнүн жүргүнчүсүн өлтүрүп койгон таксистке карата өкүм чыкты. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар кабарлады.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелген айдоочу — Өзбекстандын 1979-жылы туулган тургуну Ойбек Носиров 8,5 жылга камалды. Ал 2017-жылдын 1-майында кыргызстандык 29 жаштагы адамды айткан жерине жеткирген. Бирок жол кире акысын төлөө учурунда мас жүргүнчү менен айдоочунун ортосунда чатак чыккан. Жүргүнчү унаадан түшүп кетип бара жаткан учурда таксист артынан чуркап барып, бурагыч (отвертка) менен көкүрөккө жана башка сайган. Кыргызстандык адам ошол жерден каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 513
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×