Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

Каржылык көйгөйлөр ден соолукка коркунуч жаратат, - изилдөөчүлөр

Turmush -  Изилдөөчүлөр каржылык көйгөйлөр адамдын ден соолугуна коркунуч жаратарын аныкташты. Алардын айтымында, каражаттын жетишсиздигинен кыйналган адам стресс болуп, инфаркт оорусуна болгон тобокелдик 13 эсеге жогорулайт.

РИА Новости басылмасы жарыялаган маалыматка караганда, изилдөөгө инфаркт оорусу менен жабыркаган 106 бейтап катышкан. Алар аталган ооруга чалдыкканга чейин болжол менен бир ай мурун жумушундагы же каржылык көйгөйлөрдөн улам стресс болгондугу тастыкталган. Ошол эле мезгилде изилдөөгө бейтаптар менен бирге инфаркт оорусу менен оорубаган адамдар да катышкан. Изилдөөчүлөр аталган тыянакты эки топтогу адамдарды салыштырып көргөндөн кийин чыгарышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1756
Көп окулду
×