Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Өмүрбек Бабанов фракциянын лидерлигин тапшырды

Turmush -  Өмүрбек Бабанов «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидери болуудан баш тартты. Фракциянын катчылыгынын маалыматы боюнча, бүгүн, 13-ноябрдагы кезексиз жыйында анын фракциянын лидерлигинен кетүү тууралуу билдирүүсү айтылды.

Билдирүүнү фракция лидеринин орун басары Талант Мамытов окуду. Ал эми, жаңы лидерди фракциянын кийинки отурумдарында шайлоо пландалып жатат.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова («Республика – Ата Журт») 8-ноябрдагы жыйында Ө.Бабанов чет өлкөдө дарыланууда экенин ырастаган болчу. Ал кесиптеши дарылануудан кийин кайтып келе турганын айткан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 889
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×