Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Көчөдөн чоочун келинди зордуктап өлтүргөн бажалардын жактоочусу шаардык сотко арызданды

Turmush -  Көчөдөн бейтааныш келинди зордуктап, сабап өлтүргөн бажалардын биринин жактоочусу Бишкек шаардык сотко арызданды. Бул маалыматты АКИpress агенттигине 14-ноябрда прокурор Бакыт Доктурбеков билдирди.

Буга чейин маалымдалгандай, Биринчи май райондук соту 1979-жылы туулган С.Байжан менен 1989-жылы туулган Т.Жаныбекти 1983-жылы туулган К.Н. аттуу келинди зордуктап, андан кийин сабап өлтүргөн деп айыптап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Ошондой эле, алардын мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыгарылган.

Түндөгү кылмыш

Тергөө иштери менен белгилүү болгондой, 2017-жылы 10-мартта саат 22:00 чамасында борбордогу Достук кичи районунун аймагынан эки бажа бирге спирт ичимдигин ичишкен. Алардын жанынан К.Н. өтүп бара жатканын көрүп, аны зордуктоо тууралуу сүйлөшкөн.

Маалыматта айтылгандай, жабырлануучуну алгач Жаныбек чакырган. Жакын келген кызды Байжан күч менен кармап, кучактап, өпкүлөп баштаган. Каршылык көрсөткөн аялды Байжан ошол жердеги үйгө алып кирип, зордуктоого аракет кылган. Ал ортодо Жаныбек жабырлануучуну сабап баштаган. Башына катуу жаракат алып, эс-учун жоготкон аялды экөө кезеги менен зордуктап, андан кийин 100 метрдей алыс жерге алып барышкан.

«Жабырлануучу өзүнө келгенде шектүүлөр аны кайрадан тепкилеп, кайрадан эс-учун жоготкон. Андан кийин ар бири 10-15 мүнөттөн зордуктап, кылмышты жашыруу максатында каза болгуча сабашкан», - деди прокурор.

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар бөтөлкө менен дагы зордуктаганы белгилүү болгон.

Райондук соттун отурумунда прокурор Б.Доктурбеков айыпталуучулардын күнөөсү толук далилденгенин айтып, өмүр бою эркинен ажыратууну суранган. Жыйынтыгында анын талабы аткарылган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 445
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×