Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Криштиану Роналду төртүнчү жолу балалуу болду

Turmush -  Мадриддик «Реал» футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду төртүнчү жолу балалуу болду. Бул тууралуу футболчу өзү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, жаңы төрөлгөн кызына Алана Мартина деген ысым ыйгарышты.

«Алана Мартина азыр эле төрөлдү. Апасы (Жоржина Родригес) да, кыз да өзүн жакшы сезип жатат. Биз баарыбыз абдан бактылуубуз», - деп билдирди Роналду.

32 жаштагы футболчу буга чейин суррогаттык 2 аялдан 3 балалуу болгон. Балдардын улуусу 7 жашта болсо, андан кийин 2017-жылы июнь айында Ева жана Матео аттуу эгиздер төрөлгөн.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 599
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×