Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

Болливудда Ысык-Көлдүн кооздугу: Белгилүү ырчынын комуз коштогон клиби

Turmush -  Болливуддун белгилүү ырчысынын Ысык-Көлдө тартылган клиби интернетке жарыяланды. Маалым болгондой, чыгарманы кадр сыртында ырдоо менен атактуу болгон Рахат Фатех Али Хан аткарды. Ал эми, клиптин баш каармандарын кыргызстандык жигит Нурсултан Айталиев жана индиялык белгилүү актриса жана модель Ниту Чандра ойноду.

Клип YouTube компаниясынын Times Music музыкалык каналына жүктөлгөн. Ал Ысык-Көлдүн жээгинде жана анын аймагында тартылган. Анда башкы каармандардан тышкары кыргыздын улуттук аспаптарын — комуз, кыл кыяк чертип жана чоордо ойноп жаткан калпакчан адамдарды көрүүгө болот.

Нурсултан Айталиев социалдык түйүндөгү баракчасына: «Достор мен тартылган клип интернетте көп көрүлүп жатат. Кечээтен бери аны 370 миңден ашык адам көрдү», - деп жазды.

Ниту Чандра менен Н.Айталиев

Чандра менен Н.Айталиев

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2686
Көп окулду
×