Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Кыргызстандык кикбоксчуларды дүйнөлүк чемпионатка катыштырбай коюшту

Turmush -  Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышпай калды. Бардык дисциплиналар боюнча дүйнөлүк чемпионат (WAKO World Championships) Венгриянын Будапешт шаарында 3-ноябрда башталган болчу.

Sport АКИpress басылмасына Кыргызстандын Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов азырынча толук маалымат билбей турганын айткан.

«Мен Кореяда Күрөш искусствосунун дүйнөлүк федерациясынын аткаруу комитетинин жыйынында болгондуктан команда менен чогуу бара алган жокмун. Азырынча толук жана так маалымат билбегендиктен шашылыш жыйынтык чыгарбай туралы. Команда кайтып келгенден кийин талкуулайбыз», - деди ал.

Бул турнирге Кыргызстандан 9 спортчу жана 3 машыктыруучу жөнөп кетишкен. Бирок бирөө дагы мелдешке катышкан эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 713
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×