Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Түркияда баласын уурдап кетти делген аял Кыргызстанга учкан

Turmush -  Түркияда баласын уурдап кетти делген кыргызстандык Т.Анара Стамбулдун «Сабиха Гекчен» аэропортунан Кыргызстанга учуп кеткен. Бул тууралуу Haberler агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган аял 1,5 жаштагы баласы менен 31-октябрда учуп кеткени такталды. Түркиянын полициясы баланы издөөнү улантып жатышат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Түркиянын Анталия шаарынын 58 жаштагы тургуну Осман Шекер 1,5 жаштагы баласынын жоголушу боюнча укук коргоо органдарына кайрылгандыгы кабарланган.

Маалыматка караганда, баланын апасы кыргызстандык аял. Осман Шекер 2 жыл мурда кыргызстандык Т.Анара аттуу аялга үйлөнүп, балалуу болушкан. Ал бир жума мурда жумушунан кийин үйүнө кайтып келип, аялы менен баласын таппай калган. Үйдө алардын кийимдери да жок болгон. Баласынын бешик арабасын үйүнөн 400 метр алыстыктагы дүкөндөн тапкан. 1 жума өз алдынча издеп таппаган соң, полиция менен прокуратурага аялы баласын уурдап кеткендиги тууралуу арыз жазды. Ал аялынын мындай кадамга эмне себептен баргандыгын түшүнө албай жаткандыгын айткан.

«Аялымдын телефонуна коңгуроо кылдым, бирок ал жооп бербей жатты. Азыр телефону өчүк болуп жатат. Мен баламдын дайынсыз жоголгон адам катары катталышын жана ал табылары менен мага берилишин каалайм», - деген ал.

Осман Шекердин айтымында, аялы Анаранын эжеси Аланья шаарында жашайт. Ал аялы баласы менен ошол жакта болушу мүмкүн деп болжолдоп жатат. Учурда эне-баланы издөө иштери уланып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 647
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×