Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Баракелде, Бишкек 09.11.2017 21:33

Окумуштуулар узак жашоону камсыздаган жашылчаны аныкташты

Turmush -  Кытайлык окумуштуулар чили калемпирин колдонуу узак жашоого мүмкүнчүлүк бере турганын аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, окумуштуулар аталган изилдөөнү 7 жылдан бери жүргүзүп жаткан. Ага 30 жаштан 79 жашка чейинки 500 миңге жакын адам катышты.

Изилдөөнүн жүрүшүндө ачуу азык-түлүк менен тамактангандар аны жебеген адамдарга караганда жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулар менен аз жабыркаганы тастыкталды. Ошондой эле, окумуштуулар чили калемпиринин курамында сезгенүүгө каршы күчтүү каражат бар экендигин аныкташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×