Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Президенттен белек: Памирден келген Абдыбаиттин үй-бүлөсү 1,2 млн сомдук үйлүү болду (видео, фото)

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев Памирден келген Абдыбаит Жээнбек уулунун үй-бүлөсүнө Нарын шаарынан 1 млн 180 миң сомдук 6 бөлмөлүү үй белекке берди. А.Жээнбек уулу жакында эле төрөлгөн уулуна президент Алмазбек Атамбаевдин урматына анын ысымын ыйгарган.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, үйдүн ачкычын тапшыруу аземине Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Президенттик фонддон 70 миң сомго үй эмеректери да алынган. Ошондой эле, облус башчысы А.Кайыпов Абдыбаит Жээнбек уулунун үй-бүлөсүнө бешик жана кийим-кече тапшырды.

Памирден келген Жанбүбү Маматзайым кызы жаңы төрөгөн уулун Алмазбек деп атаган. Ал 21-октябрда көз жарган.

«Жолдошум экөөбүз кеңешип, бизди мекенибизге алып келген президент Алмазбек Атамбаевдин урматына анын ысымын ыйгарууну чечтик. Эгерде кыз төрөлсө Чолпон деп атамакпыз (вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын урматына)», - деди Жанбүбү.

Дарыгердин айтымында, учурда эне менен баланын абалы жакшы.

«Ал Нарынга кош бойлуулуктун 34-жумасында келди. Анын абалы эске алынып, Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна которулган. Бишкек шаарына жума күнү келип, эртеси — 21-октябрда өз күчү менен 2 кг 485 гр салмакта уул төрөдү.

Ымыркай 7 айлык болуп төрөлүп, учурда абалы жакшы. Аны 26-октябрда төрөтканадан чыгарууга даярдап жатабыз. Азырынча адаптация боло электигине байланыштуу ымыркай ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө жаткырылат», - деген улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев.

Төрөт борбордогу башкы дарыгердин орун басары Салтанат Назаралиеванын жетекчилиги жана Гүлнура Мамамидинова баштаган дарыгерлердин катышуусу менен өттү. С.Назаралиеванын айтымында, бул ымыркай 38 жаштагы Жанбүбүнүн онунчу төрөтү.

«Жанбүбү эми 4 баланын апасы. Анын буга чейин 2 уулу жана 1 кызы бар болчу. Ал 10 жолу төрөп, бирок шарттын жоктугунан 6 баласы чарчап калган же өлүү төрөлгөн», - деп кошумчалады ал.

Ушул жылдын 13-октябрында саат 20:30 чамасында этникалык кыргыздар Нарын шаарына келишкен. Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар. 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

Аталган аймакта жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында өкмөттүк экспедиция тарабынан 7 млн сомго ылайыкталган 60 тоннадан ашык өлчөмдөгү гуманитардык жардам толугу менен жеткирилди. Алардын катарын дары каражаттары, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана башкалар толуктайт.

Тема боюнча:

13.10.2017Фото — Кыргызстанга келген памирлик кыргыздардын 6 үй-бүлөсү Нарынга жайгашат
14.10.2017Видео, фото: Памирлик кыргыздарды алып келүүдө бийлик тараптан тоскоолдуктар болду, - вице-премьер-министр
23.10.2017Нарындагы памирлик кыргыздардын балдарды тубаса жүрөк оорусу менен жабыркайт, - дарыгер (фото)
25.10.2017Памирлик кыргыздар Куланактагы кесиптик лицейге жайгашты (видео, фото)
25.10.2017Кыргызстанга памирлик кыргыздардын экинчи тобу келет (видео, фото)
31.10.2017Нарында памирлик кыргыздарга сый көрсөтүлдү (фото)
02.11.2017Фарс тилинде окуган памирлик кыргыздарга алиппе сабагы башталды (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 21350
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
karuh
18:15, 11 ноября 2017
Цитата: anna 17:48, 08.11.2017
принимаем малообразованных и с чужой культурой...ну что они принесут в страну--такое же дерьмо из которого выбрались сами...а наши с дипломами не получая должного внимания от государства перебираются в чужие страны.

Пускай приезжают, не за твой счет же
Нет аватара
anna
17:48, 08 ноября 2017
принимаем малообразованных и с чужой культурой...ну что они принесут в страну--такое же дерьмо из которого выбрались сами...а наши с дипломами не получая должного внимания от государства перебираются в чужие страны.
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×