Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 07.11.2017 12:20 Жаңыланды: 07.11.2017 16:51

Видео - Чечен лидери Р.Кадыровго кыргыз жигити «Аллах» жазуусу бар күлүк белек кылды

Turmush -  Кыргызстандык тургун Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго америкалык таскактуу күлүктү белекке берди. Бул тууралуу Р.Кадыров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

 «Кыргызстандын тургуну Болот Өмүралиев мага баа жеткис белек алып келди. Бул жылкы Кыргызстанда туулган америкалык таскактуу күлүк.

Бирок белек жылкынын тукуму жана анын күлүктүк сапаты үчүн гана баалуу эмес. Мен үчүн таза кандуу тукумдагы жана баш байгенин ээси болгон күлүктөр кымбат. Болот жылкынын моюнунан Кудайдын аты жазылган жазууну байкаган экен. Ал жылкыны мага белекке берүүнү каалаптыр. Аны алып келүү үчүн биздин мекендешибиз Рустам Алиев жардам берди. Мен терең ыраазычылык менен чечен элине белекти кабыл алдым. Күлүк үчүн жакшы шарттар түзүлдү, ага жакшы кам көрүлөт», - деди ал.

Р.Кадыров социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеотасманы аз убакытта 56 миңден ашык адам көргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×