Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Баракелде, Дүйнө 06.11.2017 11:36 На русском

Түркиядагы ооруканада кыргызстандык кыз каза болду

Turmush -  Түркиядагы ооруканада жаткан кыз каза болду. Бул тууралуу кечээ, 5-ноябрда КРнын ТИМи билдирди.

Маалыматка караганда, бөйрөктөрү ооруп, Денизли шаарындагы ооруканада жаткан Ш.Б. 4-ноябрь күнү каза болгон. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги кыздын денесин мекенине алып келүүгө аракеттерди көрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Кыргызстандын 22 жаштагы жараны Ш.Б. Түркиядагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы белгилүү болгон.

Кыздын апасы жардам сурап кайрылгандан кийин элчилик Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышкан. Элчилик кызды мамлекеттик ооруканалардын бирине которуу аракетин көрүп жаткан.

Мурда теле алып баруучу Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына кыргызстандык 22 жаштагы Ширин Бейшембекова Түркиянын Денизли шаарындагы оорукананы жандандыруу бөлүмүндө 45 күндөн бери жаткандыгын жазган. Кыздын бөйрөктөрү иштебей калып, ооруканага түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×