Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Ош

Фото, видео - Оштогу жалгыз зоопаркты сактап калышабы?

Turmush -  Ош шаарынын А.Навои паркындагы зоопарк ордунда калышы мүмкүн. Шаардагы жалгыз зоопарк кечээ, 1-ноябрда мыйзамсыз деп көчүрүлө баштаган эле.

Шаар тургундары дагы зоопарктын жабылып калышын каалабайт. «Жапкандын ордуна кеңейтүүнү каалайбыз. Биз балдарыбызды дайыма алып келип, көрө элек жаныбарлар менен тааныштырып турабыз», - деди Динара айым.

Аталган зоопарктын администратору Ибрагимжан Эргашов Ош шаарынын мэринин кийлигишүүсү менен бузуу иштери токтотулгандыгын айтты.

«Кечээ зоопаркты бузуу иштери башталып, жаныбарлар стресс алышты. Айрым канаттуулардын тумшуктары жарылды. Баары коркконунан үркүп, азыр жанына жолотпой жатышат. Мен документ иштерин жакшы билбейм. Жетекчибиз кандай келишим түзгөнүн билбей, мэрдин кийлигишүүсү менен бузуу иштери токтоп турат», - деди И.Эргашов.

Шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраиловдун айтымында, келишимде зоопарк курула турганы көрсөтүлгөн эмес.

«Эс алуу багынын жетекчилиги Ош шаарынын муниципалдык башкармалыгы менен келишим түзүп, бул жерди 5 жылга ижарага эс алуу багы деп алышкан. Келишимде зоопарк деп айтылган эмес. Булар өз алдынча куруп алышкан. Биз көчүрүп кетүү боюнча бир нече жолу кагаз түрүндө, оозеки дагы эскертүүлөрдү бергенбиз. Азыр кайрадан арыз менен кайрылышты. Бардык тармактардан корутундуну жыйнап чыгып, зоопаркты ордунда калтырабыз же башка жакка көчүрөбүз», - деди М.Исраилов.

Бул зоопаркта учурда жандыктын 30га жакын түрү бар. Питон жылан менен кескелдирик суук түшүп калганына байланыштуу көргөзмөдөн алынган.

Ош шаарында алгачкы жолу ачылган бул зоопарк 2017-жылдын август айынан тарта эшигин ачкан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1929
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×