Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Дүйнө 01.11.2017 12:59 На русском

Кыргызстандык 22 жаштагы кыз Түркиядагы ооруканада 45 күндөн бери өзүнө келбей жатат

Turmush -  Кыргызстандын 22 жаштагы жараны Ш.Б. Түркиядагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалым болгондой, кыздын апасы жардам сурап кайрылгандан кийин элчилик Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышкан. Учурда элчилик кызды мамлекеттик ооруканалардын бирине которуу аракетин көрүп жатат.

Мурда теле алып баруучу Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына кыргызстандык 22 жаштагы Ширин Бейшембекова Түркиянын Денизли шаарындагы оорукананы жандандыруу бөлүмүндө 45 күндөн бери жаткандыгын жазган. Кыздын бөйрөктөрү иштебей калып, ооруканага түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×