Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баракелде, Бишкек 26.10.2017 10:47

Кыргызстандын сулуусу Бегимай «Дүйнө сулуусу» сынагына барбай калды

Turmush -  Кытайда өтүп жаткан «Дүйнө сулуусу-2017» сынагына Кыргызстандын атынан катыша турган Бегимай Карыбекова барган жок. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

«Көпчүлүк мени менен кошо тынчсызданып жатышты. Мага да виза алып, сынакка катышамбы деген суроо абдан кызык болду. Тилекке каршы биз жооп күтүп жатканда «Дүйнө сулуусу» сынагы башталып калды. Дайыма мени менен кошо тынчсызданып жана мени колдогон адамдарга, ошондой эле өлкөнүн төртүнчү бийлиги болгон жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазычылык билдирем. Кайгырып жатам, бирок бул абал мага күчтүү болууга түрткү берет», - деди ал.

19 жаштагы модель бул сынакка катышуу укугуна «Кыргызстан сулуусу» сынагын жеңип чыккандан кийин ээ болгон.

Буга чейин кыргызстандык модель Miss intercontinental, Top model of the World, Miss Tourism China, Kate Models эл аралык сулуулар сынагына катышкан. Ошондой эле, Бегимай Гонконгдогу, Сингапурдагы жана Тайланддагы дүйнөлүк моделдик агенттиктер менен иштешет.

Бегимай Карыбекова

Эл аралык сынактын расмий сайтына жарыяланган маалыматы боюнча, 20-октябрда башталган сынак 19-ноябрь күнү Кытайдын Хайнань аралында жыйынтыкталып, дүйнө сулуусу аныкталат.

 Бегимай «Дүйнө сулуусу» сынагы үчүн даярдаган Кыргызстан тууралуу видеотасма

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×