Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Баракелде, Бишкек 16.10.2017 23:34

Катуу сыр тишти курттан сактайт

Turmush -  Жакында эле индиялык окумуштуулар изилдөө иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгында катуу сыр тишти курттан сактай тургандыгын далилдешти. Буга чейин маалым болгондой, ооз көңдөйүндөгү рН кислотасынын көлөмүнүн азайышы тиштин куртун өрчүтүп баштайт. Мындан улам тиштин эмалы бузулат.

Изилдөөчүлөр 12 жаштан 16 жашка чейинки каалоочуларга эксперимент жүргүзүштү. Алгач алар эксперименттин катышуучуларынын ооз көңдөйүндөгү рН кислотасынын көлөмүн ченешти. Андан соң каалоочулар үч топко бөлүнүп, биринчи топко киргендер белгилүү бир убакка чейин катуу сыр жешти. Ал эми экинчи топтогулар өтө майлуу эмес, шекери жок айран ичишсе, үчүнчү топтогу катышуучулар сүт ичишти. Өздөрүнө тиешелүү тамакты ичип бүтүшкөн катышуучулар ооз көңдөйүн дыкааттык менен чайкашты. Андан кийин окумуштуулар алардын ар бирин 10-20-30 мүнөт аралыгында ооз көңдөйүндөгү рН кислотасын текшерип турушкан. Биринчи жана экинчи топко кирген өспүрүмдөрдүн оозундагы кислотасынын көлөмү өзгөргөн эмес. Ал эми катуу сыр жегендерде аталган кислотанын көлөмү көбөйгөн.

Мындай жыйынтыкка медицина кызматкерлери өздөрүнүн түшүндүрмөсүн беришти. Алардын айтымына караганда, катуу сырды чайнаган учурда ооз көңдөйүндө шилекей көп бөлүнүп чыгып, рН кислотасын көбөйтөт. Экинчиден сырдын пайдалуу заттары тиште калып, аны курттан сактайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×