Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Нарын

Нарындан ВИДЕО: Памирден келген кыргыздардын кубанычы, сезимдер...

Turmush -  Памирден көчүп келе жаткан 6 үй-бүлө бүгүн, 13-октябрда саат 20:30 чамасында Нарын шаарына жетишти.

Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышты, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Кечээ Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарына жетип, ошол жерде түнөгөн этникалык кыргыздар эми Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 10 күн бою медициналык кароодон өтүшөт. Андан кийин Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырылып, балдар билим алса, чоңдору атайын ийримдерге катышат. Учурда кесиптик лицей толук түрдө памирлик кыргыздарды кабыл алууга даяр болгон.

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө көчүрүлүп келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар.

2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

Аталган аймакта жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында өкмөттүк экспедиция тарабынан 7 млн сомго ылайыкталган 60 тоннадан ашык өлчөмдөгү гуманитардык жардам толугу менен жеткирилди. Алардын катарын дары каражаттары, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана башкалар толуктайт.

Буга чейин социалдык тармактарда француз сүрөтчүсү Матье Палей жана анын жубайы Марейле Палей тарабынан тартылган памирлик кыргыздардын сүрөттөрү тараган.

Памир кыргыздарынын сүрөттөрү менен «Памир» аталышындагы китеп 2012-жылы франциялык La Martiniere басылмасы тарабынан жарык көргөн.

Этникалык кыргыздар жашаган Кичи Памирдин алыскы райондоруна Батыштан коноктор акыркы жолу 1972-жылы барышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8626
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×