Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кыргыз-казак чек арасында 70 жаштагы аял киши каза болду

Turmush -  Казакстандын жараны Токмок шаарындагы көзөмөл-өткөрүү пункттун аймагында каза болду. Бул маалыматты АКИпресс агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон аял ден соолугунан жабыркап, көп убакытка бир орунда отура алчу эмес.

Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Айгүл Сыдыкованын айтымында, бүгүн, 13-октябрда саат 15:40 чамасында Токмоктогу көзөмөл пункттан Казакстандан Кыргызстанга 1947-жылы туулган Альбина Шагимова өткөрүлгөн. Ал көпүрөдөн өтүп бара жатканда өзүн жаман сезип, саат 15:43тө тез жардам кызматынын дарыгерлерин чакырган чалуу болгон. Дарыгерлер саат 16:15те А.Шагимованын каза болгонун айтышкан. Анын денесин Казакстанга алып кетишти.

Кийинчерээк Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Казакстандын жараны А.Шагимова чек арада кезекте турбаганын билдирди.

«Казакстандын жараны көзөмөл-өткөрмө пункттан өзүн жаман сезип баштаган. Бирок ал чек арадан өтүү үчүн кезекте турган эмес жана ал өткөн көзөмөл пунктта кезек күтүү болгон жок. Ал Казакстан тараптан Кыргызстанга өтүп, көзөмөл пункттун имаратына жеткенде өзүн жаман сезип жаткан. Пункттун имаратынан чыккандан кийин жерге жыгылып түштү. Биздин чек арачылар ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматынын дарыгерлери чакырылган. Бирок анын жакындары дарыгерлерди күтпөстөн жеке унаа менен Токмок шаары тарапка чыгып кетишкен. Тез жардам кызматынын дарыгерлери аларга жолдон жолуккан, бирок ал учурда А.Шагимова каза болуп калган», - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 12799
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×