Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык Д.Сейиталиев ата жолун жолдоп, тамадалыкты аркалоодо (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын тургуну Даниел Сейиталив ата жолун жолдоп, тойлордо тамадалык кылууда. Өзүнүн айтымында, атасынын көзү өтүп кетти.

«Атам тамада, музыкант болуп иштечү. Мендеги талант атамдан өткөн. Атам той алып барып жүргөндө жанында жүрүп үйрөнүп алгам. Тилекке каршы атам бул дүйнөдөн өткөн соң, ордун өчүрбөй тамадалык менен алектенип баштадым.

Алгачкы тойду 18 жашымда алып баргам. Менин талантымды байкап жүргөн чоң атам телефон чалып, «эртең той алып барасың» деп калды. Ошондо эч даярдыгым жок 300 киши келген үйлөнүү тойду алып бардым. Сүрдөнүп, бир орунда туруп сүйлөбөй, ары-бери басып сүйлөй бериптирмин», - деди ал.

Тамада буга катар эле азыр өзү башкаларга тамадалыкты үйрөтүп калгандыгын кошумчалады.

«Тойду баштап жатканда элдин маанайын байкап алам. Көбүнчө тамаша аралаштырып сүйлөп, кызыктуу оюн уюштурууга аракет кылам. Кээ бир той ээлери «жаш экенсиң» десе, кээ бирөөлөр ыразычылыгын айтып кетишет. Бир тойду алып барганым үчүн 3 миң сомдон 4 миң сомго чейин акы алам», - деди тамада.

Даниел 6 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 343
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×