Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык Жибек апанын тилеги кабыл болуп, 3 келини тең медаль алды (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын 80 жаштагы тургуну Токторалиева Жибек апанын тилеги менен 3 келини тең «Эне даңкы» медалын алды.

Өзүнүн айтымында, 10 бала төрөп, 7 баласы аман-эсен чоңойду.

«4 кыз, 3 уулум бар. Ар бири үй-бүлөлүү болушту. Ар бир жакшылыктарда келиндериме «мага окшоп 10 балалуу болуп, жолума жеткиле» деп тилейм. Балдары 10го жетпесе дагы үчөө тең 6 бала төрөп, «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты», - деди ал.

Жибек апа Кызыл-Сай айылында чоңойгон. 

«Мен ушул эле райондун Кызыл-Сай айылынын кызымын. Жолдошум менен бөлөм аркылуу таанышканбыз. Бизде келиндер улууларга жүгүнүү салтын катуу кармачубуз. Жаңы келгенде барына жүгүнө берип, жолдошумдун достору «эңкейгенде эгизден туу» деп тамашалашчу. Убакыт өтүп, баарын таанып калганда кайын инилериме жүгүнбөй калгам. Үйүбүз аялдамадан абдан алыс эле, жолдон бара жатканда чоң апа отурчу. Жүгүнсөң абдан алкап, жүгүнбөй калсаң аркаңдан угузуп кыйкырып калчу. Жүгүнбөй калганыма 4 жыл болду. Карыганда келиндер жүгүнсө сүйүнүп, алкап, мактап калат экенсиң», - деди апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 455
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×