Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ош

Фото - 3 эм уулубуздун бирине президент болгон адамдын ысымын беребиз, - Г.Кунтаева

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Биринчи май айылынын тургуну Гүлбайра Кунтаева эгиз кыздарынан кийин 3 эмдүү болду. Алардын бирине жаңы шайланган президенттин ысымын берүүнү чечишкенин аймактык кабарчыга билдирген.

«Буга чейин 3 кызым бар болсо, эми 3 эмдүү болдук. Өтө кубанычтамын. Жолдошум, жалпы туугандарыбыз кубанып отурабыз. Эң улуу кызым Алмира быйыл 4 жашта. Андан кийинки эгиздер — Жазайым менен Нурайым 2,5 жашка толду. Азырынча 3 эмге ысым тандай элекпиз. Уулдарыбыздын бирине президент болуп шайланган адамдын ысымын берели деп чечтик», - деди 33 жаштагы Г.Кунтаева.

Ош облустук төрөт стационарынын башкы дарыгеринин орун басары Дамира Ташмаматова эне менен балдардын абалы жакшы экенин айтты.  

«Гүлбайра 7-октябрь күнү операция аркылуу 3 эм уулдарын жарыкка алып келди. Бизге кош бойлуулуктун 36-жумалыгында келген. Балдардын салмагы 1 кг 960 гр, 2 кг 200 гр жана 2 кг 175 гр болуп төрөлдү», - деди дарыгер.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6560
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×