Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Базар-Коргондун Чкалов айылында 15,5 млн сомго курулган көпүрө пайдаланууга берилди

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Чкалов айылында заманбап көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ачылыш аземге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, ЖК депутаты Сайдулла Нышанов, район акими Айбек Бегимкулов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маалым болгондой, элеттиктер көпүрө көйгөйүн 20 жылдан бери тартып келишкен. Кайсыл гана бийлик өкүлү келбесин Чкалов айылындагы көпүрө көйгөйү коюлуп келчү. Айылдыктар да облус бийлигине чейин барып, маселе коюп келишкен эле. Эми бул көйгөй чечилип, айылга узуну 32,6 метр, туурасы 4,5 метр болгон заманбап көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Көпүрөгө жалпы 15,5 миллион сом жумшалып, дагы 15 миллион сом каралууда. Ал каражатка көпүрөнүн түбү бекемделет жана 1,5 чакырым жолго асфальт төшөлөт.

Өкмөттүн өкүлү белгилегендей, көпүрөнүн курулушу 300гө жакын түтүндүн гана маселесин чечкен жок. Бул объект Могол айыл аймагы үчүн да маанилүү. Анткени 1000 гектар жайыт жерлери бар калк тоют чөптү дал ушул көпүрө аркылуу ташып өтүшөт. 40-50 тоннага чейинки жүк ташуучу унааларга ылайыкташкан көпүрө секундасына 300 куб сууга да туруштук бере алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 515
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×