Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Нарын

Чаектиктер борбордук жолдун асфальттоо иштери кечеңдеп жатканына нааразы (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы жалпы 6 чакырым унаа жолун курулушчулар акыркы 2 айдан бери асфальттап бүтө албай убара тартышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Айыл тургуну Нуркат Алсеитовдун айтымында, учурда жол курган ишкананын жумушчулары жолдун четиндеги арыктарды көмүп салышкан.

«Жолдун четиндеги эски бордюрларды алмаштырышкан жок. Алардын айрымдарын техникалары менен талкалап салышты. Анысы аз келгенсип, азыр суу ага турган арыктарды көмүп салышыптыр. Буга кандай түшүнсө болот? Ушул жолду жасаш үчүн 18 млн сом акча каражаты кеткен. Дагы кошумча каражат суралып, аны да алышкан. Бирок эмне үчүн мындай кайдыгер мамиле жасап жатышат? Асфальтты Кочкор районунан алып келишет экен. Ал биздин районго келгиче муздап калат», - дейт Н.Алсеитов.

Бул маселе боюнча Жумгал райондук №24 жол тейлөө мекемесинин адистери унаа жолду асфальттоо чындыгында кечигип жатканын, жолго төшөлө турган асфальт Кочкор районунан алынып келе турганын жана күндүн жылышын күтүп жатышканын билдиришти.

Ал эми, жергиликтүүлөр жолдун чаңынан баса албай, соодагерлер дүкөндөрдө отура албай убара тартып жатышканын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 351
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×