Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Талас

Жубайлар: Айнакан апа Дөңгөлөк деген кайын агасынын ысымынан улам кайын энесинен тил уккан (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылындагы жубайлар — 58 жаштагы Бузурман Сыдыков менен 55 жаштагы Айнакан Сыдыкова бир эле жолу көрүшүп, эртеси баш кошушкан. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Бузурман ата: Мен 21 жашымда аскерден келген соң үйлөндүм. Жубайымды атам таанып, жактырып келиптир. Анан мени «көрүп кел» деди. Көрсө ата-энелерибиз тааныш болуп, макулдашып койгон экен. Көргөнү үйүнө бардым. Жубайым 18 жаштагы татынакай кыз экен. Эртеси казанга көмөч жаап жаткан кезинде алып баса бердим. Бир көрүшүп эле үйлөнсөк дагы бири-бирибизди түшүнүп, 7 баланы чоңойттук.

Айнакан апа: Кайын атам менен ата-энем тааныш экен. Жолдошум көргөнү келген. Алып кеткен күнү эч нерсе оюмда жок эле нан жасап жаткам. Жолдош балдары менен келип эле атамдын (кайын атасы) «Запорожецине» салып алып кетишкен.

Жаңы келгенде абдан эле кыйын болду. Иштин көбүн кайын энемден үйрөнгөм. Өзүмдүн үй-бүлөмдө көп бир тууган болуп, камыр тамакты көп жасачубуз. Камырды көп субала кылып жууруп, тамакты көп жасап салчумун. Апам эркелетип, «кагылайын бул калды» деп эле көп жумуштарды кылдыра берчү.

Бир жолу дөңгөлөк жөнүндө сөз болуп, атам менен апамдын көзүнчө сүйлөп жаткам. Апам бир маалда «кайын агаңдын атын улам-улам айтасың» деп урушуп калды. Кайын атам «келиним анын атын кайдан билет эле?» деп коргоп чыкты. Көрсө кайын агамдын аты Дөңгөлөк экен (күлүп). Кайын журтум абдан жакшы карашты. Эгиз төрөгөндө кайын энем 1 жыл жумуш жасатпай, өзү иш кылган.

Жолдошум колхоз учурунда сугатчы болуп эмгектенди. Учурда 7 бала, 6 неберенин ата-энесибиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 981
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×