Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Нарын

Фото - Памирден келген кыргыздар үчүн Нарындагы жатаканада кандай шарттар түзүлдү?

Turmush -  Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейи Кыргызстанга көчүрүлүп келген этникалык кыргыздарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган лицейден билдиришти.

Маалым болгондой, өкмөттүк экспедиция 11-октябрь күнү Ооганстан Ислам Республикасындагы Кичи жана Чоң Памирден этникалык кыргыздардын 17 баласы менен бирге алардын ата-энелеринин жана жакын туугандарынын коштоосунда өлкөгө кайтып келди. Мекендештерге колдоо көрсөтүүгө багытталган иш-чара Кыргызстандын жана Ооганстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында уюштурулду.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, этникалык кыргыздардын үй-бүлөлөрү Нарын шаарына бүгүн, 13-октябрь күнү кечинде келип, аймактагы облустук бириктирилген ооруканасында 10 күн бою медициналык кароодон, дарылоодон өтүшмөкчү. Андан кийин Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейде жайгаштырылып, балдар билим алса, чоңдору атайын ийримдерге катышат. Учурда кесиптик лицей толук түрдө памирлик кыргыздарды кабыл алууга даяр болгон.

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө көчүрүлүп келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

Аталган аймакта жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында өкмөттүк экспедиция тарабынан 7 млн сомго ылайыкталган 60 тоннадан ашык өлчөмдөгү гуманитардык жардам толугу менен жеткирилди. Алардын катарын дары каражаттары, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана башкалар толуктайт.

Буга чейин социалдык тармактарда француз фотографы Матье Палей жана анын жубайы Марейле Палей тарабынан тартылган памирлик кыргыздардын сүрөттөрү тараган.

Памир кыргыздарынын сүрөттөрү менен «Памир» аталышындагы китеп 2012-жылы франциялык La Martiniere басылмасы тарабынан жарык көргөн.

Этникалык кыргыздар жашаган Кичи Памирдин алыскы райондоруна Батыштан коноктор акыркы жолу 1972-жылы барышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15901
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×