Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Кадамжайлык аялдар күнүнө 500 сом акы алып, шалы ооруп иштешүүдө (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында шалы жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү дыйкан Равшан Эргешовдун айтымында, быйыл 2 гектарга күрүч эккен. Былтыр 2 гектар аянттан 7 тонна күрүч алган. Шалы ооруга жалгыз жетишпей, 6 адамга күнүнө 500 сомдон акы төлөп берип иштетүүдө. Буга чейин шалы талааларында кошуна Өзбекстандан, Тажикстандан келген адамдар иштесе, азыр мындай иштер баткендик жумушчулардан артпай калууда.

Канышай Эргешова жумушсуздуктан улам талаага чыгып, шалы жыйнап иштейт. Жумушу эртең мененки саат 8:00дөн баштап, кечки 18:00гө чейин созулат. Түшкү тамак жумуш берген адам тарабынан камсыздалып, 5 шериги менен күнүнө 40 сотыхга чейин шалы орушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1325
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×