Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Премьер-министрден белек: Кыргызча суроо берген 21 жаштагы Лилия өкмөт башчыдан белек алат (фото)

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков Каракол шаарынын студенттери менен жолугушууда 21 жаштагы Лилия Овчаренкого белек берип жиберүүнү убадалады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кбарчысы билдирди.

Өкмөт башчынын мындай убада берүүсүнө Лилиянын шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча кыргыз тилинде суроо бергени себеп болду. Премьер-министр башка улуттун өкүлдөрү мамлекеттик тилде эркин сүйлөп жаткандыгы жакшы көрүнүш экенин белгиледи. Лилия менен бирге дагы эки студент өкмөт башчыдан белек алышат.

Лилия Овчаренко Жети-Өгүз районунун Липенка айылында туулган. Мектепти аяктагандан бери К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун экономика факультетинин бухгалтердик эсеп адистигинде 4-курста билим алууда.

«Классташтарым жана курсташтарым менен бирге жүрүп, кыргыз тилин бат эле үйрөнүп алдым. Мамлекеттик тил боюнча өткөн сынактарга, фестивалдарга катышып келем. С.Исаковдун "белек берем" дегени күтүүсүз болду», - деди ал.

Лилия Овчаренко окуудан тышкары жеңил атлетика менен машыгып, ийгиликтерди багындырып келет.

Буга чейин премьер-министр Сапар ИсаковКаракол шаарында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик окуу жайынын студенттери, мугалимдери менен жолугушканы маалымдалган.

Жолугушууда алгач өкмөт башчы өз сөзүн маркум Темир Жумакадыровду эскерүү менен баштап, бир мүнөттүк эскерүү жарыялады. Ал маркумдун жасаган иштерине токтолуп, «Таза коом» долбоору анын элесине арналарын белгиледи.

Катышуучуларга «Таза коом» программасы боюнча кыскача видео тасма көрсөтүлүп, анын башкы максаты паракорчулукту жоюп, таза коом түзүү экени айтылды.
«Премьер-министр болгондон бери аймактардагы окуу жайлардын студенттери менен жолугуп жатам. Себеби жаштар өлкөнүн келечеги. Мен жаштар сунуштаган идеяларды угуп, аны ишке ашырууга аракет кылып жатам», - деди ал.
Ошондой эле, премьер-министр мугалимдердин жана студенттердин суроолоруна жооп берди. Анда көбүнчө Кыргыз-орус фондундагы күрөө маселеси, күндүн нурунан жана шамалдан энергия алуу маселелери жана Каракол шаарынын инфраструктурасын жакшыруу, билим тармагындагы көйгөйлөр боюнча бир катар суроолор берилди. Жолугушууга экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров, өкмөттүн облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев да катышты.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2762
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×