Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Чүй

Аламүдүндө 100 жаштан ашкан карыяларга 10 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 100 жаштан ашкан 3 адамга 10 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган райондун администрациясынан билдиришти.

WhatsApp Image 2017-10-12 at 12.31.31

Маалыматка ылайык, акчалай жардам Карылар күнүнө карата жарыяланган бир айлык иш-чаранын алкагында көрсөтүлдү.

«100 жаштан ашкан апаларга 10 миң сомдон акчалай жардам жана азык-түлүк берилди. Карысы бардын ырысы бар деп бекеринен айтылбаса керек. Ошондуктан дайыма улгайган адамдарга убагында керектүү жардамдар берилип турат», - деп айтылат маалыматта.

Акчалай жардам Октябрь айылынын 118 жаштагы тургуну Айлар Жолдубаевага, Көк-Жар айылынын 104 жаштагы тургуну Сейне Коңурбаевага жана Кара-Жыгач айылынын 100 жаштагы тургуну Сарыкбүбү Шеримбековага берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 319
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×