Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Талас

Бакай-Атада спортчу А.Белековдун элесине арналган көк бөрү мелдеши өттү

Turmush -  Бакай-Ата районунун Көк-Таш айылында маркум көк бөрүчү Азамат Белековдун жаркын элесине арналган көк бөрү мелдеши өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын айтымында, жалпы байге фонду 130 миң сомду түзгөн мелдешке Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш, Оро, Бакай-Ата, Акназаров айыл аймактарынын келген 6 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Оро айылынын командасы ээлеп, 30 миң сом акча жана кубок менен сыйланышты. 2-орунду Ак-Дөбө айылынын командасы ээлеп, 20 миң сом, 3-орунду багындарган Бакай-Ата айылынын командасына 10 миң сом байге тапшырылды.

Азамат Белеков 1980-жылы Көк-Таш айылында төрөлгөн. Ал ар кандай мааракелерде эр эңиш, көк бөрү таймаштарына чыгып жүрчү. 2016-жылдын 1-октябрында көк бөрү мелдешинде күч сынашып жатып, кокустуктан каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 290
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×