Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдогу социалдык кызматкер Адинаны көпчүлүк окуучу деп ойлошот (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 19 жаштагы тургуну Адина Төрөбекова райондук социалдык өнүгүү башкармалыгында иштеп, карыяларга жардам көрсөтөт.

Өзүнүн айтымында, аны көргөндөрдүн баары мектеп окуучусу деп ойлойт.

«Мен 2013-жылы 9-классты аяктагандан кийин колледжде окуп, 2016-жылы БГУнун финансы жана насыя факультетине тапшырдым. Окууну аяктаган соң Тоң районундагы социалдык өнүгүү башкармалыгында иштеп калдым. Менин милдетим — жалгыз жашаган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кары адамдарды кароо жана аларга жардам берүү. Жумушта болгон ар күн мага кызыктуу өтөт. Менин каттоомдо азырынча 6 адам бар. Алардын үйүнө барганда ар ким ар кандай жумуш айтышат. Кээде жөн гана үйүнө барып сүйлөшүп, маектешип кетем. Жумуштан сырткары сүрөт тартканды жактырам. Мени көпчүлүгү мектеп окуучусу деп ойлошот.

Жумушума байланыштуу мектептерге көп барам. Бир ирет Кара-Шаар айылындагы мектепке барсам директордун орун басары: "сен кайдан келдиң, канчанчы класска кошоюн?" деп сурады. Мен социалдык кызматкер экенимди айтсам, ал мени окуучу кыз экен деп ойлогондугун билдирди. Учурдай учурлар көп болгон. Келечекте ушул жумушумду жакшы иштеп, элиме кызмат кылууну жана өз айылымдын өнүгүшүнө салым кошууну максат кылам», - деди А.Төрөбекова.

Ал көптөгөн сыйлыктардын ээси. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын алтынчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1107
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×