Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Тай бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону Уланбек жубайынын мушкер болуусун каалабайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунун 24 жаштагы тургуну Эрмек уулу Уланбек окуучулук кезинде балдардан таяк жеп жүрүп, алардан ѳч алуу үчүн спортко барган. Бирок кийин мелдештерге чыгып, ийгиликтерге жетишкен учурда бул оюнан кайткан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен спорто жүргѳнүмѳ 13 жыл болду. Бир баладан 6-классымда токмок жеп, ага ачуум келип, спорт менен машыгууну чечтим. Мындан улам спорт менен башында ѳзүмдү коргоо үчүн машыксам, кийин мелдештерге чыгып, спортко толугу менен аралашканда максаттарым ѳзгѳрдү. Спортто машыктыруучуларыбыз күчүбүздү кѳчѳдѳ, башка жѳнѳкѳй балдарга жумшабастан, ѳз мекенибиздин намысын коргоп, мелдештерге жумшагыла деп кѳп айтып келишет. Ошол себептен бирѳѳдѳн ѳч алып же бирѳѳнү сабаш үчүн машыгуу туура эмес экенин билдим», - деди ал.

Спортчу мелдештерге катышып, бир топ сыйлыктарга ээ болгон.

«Кикбоксинг, тай бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону болдум. 2016-жылы, ММА WMMF боюнча Европанын чемпиону, Түркияда ѳткѳн Евразия мелдешинин чемпиону, 2017-жылы бирма боксунун дүйнѳлүк беттешинде алдыңкы сыйлыкка ээ болууга жетиштим», - деди ал.

Эрмек уулу Уланбек 1993-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында тѳрѳлгѳн.

«Азырынча бойдокмун. Келечектеги жубайымды мушкер катары кѳрбѳйм. Ал жѳнѳкѳй жана назик болушун каалайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 444
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×