Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: 21 жаштагы мушкер Т.Калназарова Азиянын 2 жолку чемпиону болду (фото)

Turmush -  Кемин районунун 21 жаштагы тургуну Толгонай Калназарова 6 жылдан бери бокс менен машыгып келет. Ал бирма боксу боюнча Орто Азиянын 2 жолку чемпиону болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бокс менен машыгып келе жатканыма быйыл 6 жыл болду. Ушул алты жыл ичинде бирма боксу боюнча дүйнѳ чемпионатында 2-орунду, ошондой эле Орто Азиянын 2 жолу чемпиону болууга жетиштим. Мындан тышкары, Кыргызстанда өткөн тай бокс, бирма бокс, ушу саньда, вале-тудо боюнча мелдештерде алдыңкы орундарды багындыргам.

Бул спортко кичинекей кезимен бери кызыгам. Тасмалардагы мушкерлерди көрүп, мен дагы ушундай спортчу болсом деп кыялданчумун. Кийин курбу кызым машыгып жүргѳн залга мени чакырды. Ошентип спорт менен магышып калдым. Машыгуу күнүгө кечки саат 18:00дѳн саат 19:30-20:00гѳ чейин болот. Жашоодо ѳкүнгѳн нерсем жок. Ата-энем, бир туугандарым, досторум, жакшы кѳргѳн адамдарым жанымда, мен бактылуумун», - деди ал.

Жаш мушкер кыз үй-бүлѳдѳ 6 бир тууган.

«Ушул даражага жеткирген ата-энеме ыраазымын. Ошону менен бирге агайым Советбеков Бекболсунга да ыраазычылыгымды айтам. Келечектеги жолдошум спорт тармагында болобу же болбойбу ал мага маанилүү эмес. Эң башкысы адамдык сапаты бийик болушу керек», - деди ал.

Толгонай Калназарова Бишкек шаарында 1996-жылы төрөлүп, Кемин районунда чоңойгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 909
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×