Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Жаш талант: Тоңдук 17 жаштагы Фатима бий жана шахмат боюнча мелдештерде жеңишке жеткен (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 17 жаштагы тургуну Фатима Өмүркулова бийге катышып, шахмат боюнча ийгиликтерди жаратууда.

«Бийге болгон кызыгуум кичинекей кезимде эле пайда болгон. 5-класста окуп жатканда «Ак-Бермет» бийчилер тобуна тандоо жүрүп, мен өтүп кеттим. Бизге бийди Ж.Ыдырысовна аттуу мугалим үйрөтөт. Бийден сырткары шахмат ойнойм. Мектептер арасында болгон олимпиадаларда 1-орундарды алып жүрөм. Бий боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Жылда өткөн «Ысык-Көл жылдыздары» сынагына катышып биринчи, экинчи орунга ээ болобуз. «Жаш таланттар - 2016» сынагында 2-орунду алып, Көчмөндөр оюнундарына жана фестивалдарга дагы катышып келебиз. ИИМдин башчысы Тоң районуна келгенде аны салтанаттуу тосуп алууга катышканыма сыймыктангам», - деди Ф.Өмүркулова.

Ал быйыл Оман өлкөсүнүн Салала шаарында өткөн фестивалга Кыргызстандын атынан барып келген.

«Мен «Ак-Бермет» бийчилер тобу менен биргеликте Салала шаарында өткөн фестивалга катышып, кыргыздын улуттук бийлерин бийлеп, башка өлкөдөн келгендер менен таанышып, тажрыйбалар менен бөлүштүк. Келечекте бий менен шахмат ойноо боюнча ийгиликтерге жетишсем дейм», - деди ал.

Бийчи 3 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 621
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×