Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 13.10.2017 09:32

Нарындын 2 мугалими Жогорку Кеңештин атынан сыйлык алышты (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 2 мугалими Жогорку Кеңеш тарабынан сыйланышты. Бул тууралуу Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Улан Турсунов билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаарындагы аталган орто мектебинин директору Ырысбүбү Өмүрова Жогорку Кеңештин ардак грамотасы менен, ал эми химия сабагынын мугалими Турсун Сасыкулова кол саат менен сыйланды. Алар бул сыйлыкка билим берүү жаатындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жаш муунду тарбиялоого кошкон олуттуу салымы жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн татыктуу болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×