Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Баткен

Кызыл-Кыяда ашар жолу менен кичи футбол аянтчасы курулду

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылында ашар жолу менен кичи футбол аянтчасы курулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, анын ачылыш аземи кечээ, 12-октябрда өттү. Курулушка жергиликтүү эл өзү каражат топтогон. Аянт жаштарды спортко үндөө максатында курулду. Ачылыш аземге тургундар, депутаттар жана жаштар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 291
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×