Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото — Кыргызстанга келген памирлик кыргыздардын 6 үй-бүлөсү Нарынга жайгашат

Turmush -  Өкмөттүк экспедиция 11-октябрь күнү Ооганстан Ислам Республикасындагы Кичи жана Чоң Памирден этникалык кыргыздардын 17 баласы менен бирге алардын ата-энелеринин жана жакын туугандарынын коштоосунда өлкөгө кайтып келди.

Маалым болгондой, мекендештерге колдоо көрсөтүүгө багытталган иш-чара Кыргызстандын жана Ооганстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында уюштурулду.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, этникалык кыргыздардын үй-бүлөлөрү кечээ, 12-октябрда Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында калды. Ал эми, бүгүн, 13-октябрда Нарын облусуна болгон сапарын улантышат.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

Аталган аймакта жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында өкмөттүк экспедиция тарабынан 7 млн сомго ылайыкталган 60 тоннадан ашык өлчөмдөгү гуманитардык жардам толугу менен жеткирилди. Алардын катарын дары каражаттары, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана башкалар толуктайт.

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө көчүрүлүп келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар. Учурда памирлик кыргыздар дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Памирден келген этникалык кыргыздар жана алардын балдары Нарын облусуна жайгашат. Алар деңиз деңгээлинен 4200-4500 метр бийиктикте жашагандыгына байланыштуу өлкөнүн климатына көнгөнчө 5-7 күндүн аралыгында дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, ошондой эле Нарын облустук ооруканасында медициналык текшерүүдөн өтөт.

Андан кийин балдарды окутуу иштери жана аларды коштоп келген ата-энелерге ар кандай ийримдер уюштурулат. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2229
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×