Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баракелде, Бишкек 13.10.2017 09:06

Бишкектеги жаңы көпүрөнүн ачылышынан фоторепортаж

Turmush -  Бишкек шаарынын А.Токомбаев көчөсүндөгү көпүрө (Аламүдүн дарыясынан өткөн) 12-октябрь күнү пайдаланууга берилди.

Иш-чарага шаар мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Бакытбек Дүйшенбиев, ошондой эле шаардын тиешелүү кызматтарынын жетекчилери жана тургундар катышты. Шаардык муниципалитеттин жетекчиси Бишкек шаарынын мэриясынын токтомунун негизинде көчө-жол түйүндөрүн өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында 95 чакырым аралыктагы 49 көчөнү оңдоо иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи.

12-кичи райондон Шабдан баатыр көчөсүнө (көпүрө менен) чейинки тилкенин узундугу 950 метрди жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү бөлүктүн туурасы 12,5 метрди түзсө, тротуардын туурасы 3 метрге жетет. Ал эми, жаңы курулган көпүрөнүн жалпы узундугу — 54,2 метр, туурасы — 14,9 метр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×