Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    81.89    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Видео - Азимбек Бекназаров президенттикке талапкерликтен баш тартты

Turmush -  Азимбек Бекназаров президенттик кызматка талапкерликтен баш тартты. Бул тууралуу ал кечээ, 12-октябрда КТРКнын түз эфириндеги дебатта билдирди.  

Ал кимдин пайдасына талапкерликтен баш тартканын тактаган жок.

«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо» жөнүндөгү конституциялык мыйзамга ылайык, талапкерди каттоону президенттик шайлоого чейинки календарлык 5 күндөн кем эмес убакытта жокко чыгарууга болот. Бул бир катар учурларда, анын ичинде талапкердин баш тартуу арызы жазылганда ишке ашат.

Кийинчерээк Азимбек Бекназаров талапкерликтен четтетилбей турганын БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, А.Бекназаров талапкерликтен баш тартуу мөөнөтүн өткөрүп жиберди.

«Ал талапкер бойдон калат жана шайлоо бюллетенинде анын аты-жөнү өчүрүлбөйт», - деди ал.

Буга чейин президенттикке талапкерликтен Камчыбек Ташиев жана Бакыт Төрөбаев баш тарткан болчу.

Учурда тизмеде 11 талапкер бар:

- Эрнис Зарлыков (№1);

- Токтайым Үмөталиева (№2);

- Темир Сариев (№3);

- Улукбек Кочкоров (№4);

- Таалатбек Масадыков (№5);

- Өмүрбек Бабанов (№6);

- Арстанбек Абдылдаев (№7);

- Азимбек Бекназаров (№8, талапкерликтен баш тартканын өзү 12-октябрда билдирди);

- Сооронбай Жээнбеков (№9);

- Адахан Мадумаров (№10);

- Арсланбек Малиев (№12).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 803
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×