Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарынга тажрыйба алмашуу максатында Оштон делегация келди (фото)

Turmush -  Нарынга Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Араван жана Өзгөн райондорунан келген делегация облуста болуп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Мунира Калиева билдирди.

Маалым болгондой, Ош облусунун 5 районунан келген делегация Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунда болуп аймакта аткарылып жаткан иштер менен таанышышкан.

«2014-жылдан бери MSDSP KG фондунун «Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо» программасы иштеп келет. Быйыл фонддун “Бирге коомчулуктардын демилгелерин колдоо аркылуу социалдык биримдикти бекемдөө” долбоору жыйынтыкталып жаткандыгына байланыштуу облуста ишке ашкан долбоорлор, социалдык иш-чаралар менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында Ош облусунан 35 адамдан турган делегация келишти. Келген делегация Нарын облусунда ишке ашырылган 21 млн 273 миң 8 долларлык 6 долбоордун негизинде аткарылган иштер боюнча жеринде таанышты. Нарын облусунун тарыхый мааниге ээ болгон жайлары Шырдакбектин чеби, Таш-Рабат өңдүү жерлерге дагы алып бардык», - деди М.Калиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1084
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×