Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Р.Мамутов 5 миң сомдук кайыш баштыктарды тигет (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьев айылынын 36 жаштагы тургуну Рысбек Мамутов булгаарыдан баштыктарды тигип, 5 миң сомдон сатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, апасы булгаары чебери болгон.

«Апама кол кабыш кылып жүрүп көп ишти үйрөнүп алгам. Бул иш менен өзүмчө үй-бүлө кургандан бери алектенип келем. Жубайым дагы мага жардамдашып жүрөт. Азыр китеп-дептерлер салынуучу баштыктарды тигип жатам. Материалдарын булгаары ишканасынан 500 сомдон 2 миң сомго чейин сатып алам. Баштыктарды 1 күндө тигип бүтөм. 1 жумада 10 баштык тигилет. Алар көлөмүнө жараша 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин сатылат. Көбүнчө студенттер, мамлекеттик кызматкерлер жана чет элдиктер алып кетишет», - деди ал.

Уста жубайы Айзада айым менен 3 баланы тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 474
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×