Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Кеминдин Жаңы-Алыш айылына футболдук аянтча курулду (фото)

Turmush -  Кечээ, 11-октябрда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылында балдар үчүн футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалым болгондой, футболдук аянтча Кемин райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 3 айда курулуп бүткөн. Аянтчанын салтанаттуу ачылышына Кемин районунун акими Улан Карагулов, айыл өкмөт башчысы, айыл аксакалдары, айыл тургундары жана коноктор катышып, куттуктоолорун билдиришти. Ошондой эле, мектеп окуучулары да ыраазычылыктарын айтышты.

«Баарыбыз спорт сүйүүчүлөрү болгондуктан, мындай футболдук аянтчасын кыялданып гана жүрчүбүз. Ачылышын да чыдамсыздык менен күттүк. Эми досторубуз менен күнүгө келип, машыгып, футбол ойнойбуз», - деди окуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 538
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×