Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Караколдо «Жүзүмө түкүрбө мекендешим» тазалык акциясы башталды

Turmush -  Бүгүн, 12-октябрда Нарын шаары «Мекеним — менин жүзүм», «Жүзүмө түкүрбө мекендешим» акциясынын эстафетасын Каракол шаарына өткөрүп берди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Эстафетаны шаардын вице-мэри А.Жумабекова тапшырды. Алгач шаардагы №1 мектеп-гимназиясында интеллектуалдык инвестиция форуму болуп, анда окуучуларга адептүүлүк, маданияттуулук, ыймандуулук боюнча маалыматтар берилди.

«Акциянын максаты — шаарды, айлана-чөйрөнү таза сактоо, көчөлөргө таштанды таштабоо, түкүрбөө жана сөгүнбөө боюнча чакырыктарды жасап, жарандарды кичи пейилдикке үндөө. Мекенибиз — биздин жүзүбүз. Быйыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп куру сөз менен айтпай, жер-жерлерде ушундай тазалык акцияларын уюштуруп жатабыз. Жаштар бири-бирин адептүүлүккө, тазалыкка чакырып жатышат. Биздин аманатты эми Каракол шаары аткарууда», - дейт долбоордун өкүлү Нуржигит Кадырбеков.

Акциянын алкагында балдар менен эл мугалими, каратэ боюнча өлкөнүн 2 жолку чемпиону маек куруп, жаштарды адептүүлүккө чакырды. Андан кийин студенттер, окуучулар көчөлөргө чыгып, элди тазалыкка үндөштү. Иш-чара «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 303
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×