Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Манасчы Ш.Сарыгуловадан жаңы эмгек (видео, фото)

Turmush -  Ырчы, актриса жана манасчы катары таанылган Ширин Сарыгулова жакында эле жаңы ырына клип тарттырды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ш.Сарыгулова өзү билдирди.

Анын айтымында, «Бактылуу болгун садагам» аттуу чыгармасына клип тартылып, үналгы, сыналгылардан жарыяланып жатат.

«Жакында эле «Бактылуу болгуң садагам» деген чыгармага клип тарттырдым. Кудай буюрса дагы көп ырларымды элиме тартуулайын деп турам», - деди ырчы.

Ширин Сарыгулова 1983-жылы 5-октябрда Чүй облусунун Жайыл районунун Кожомкул айылында туулган. Ата-энеси Жумгал районунун Көк-Ой айылынан болот. Жумушуна байланыштуу Суусамыр өрөөнүндө жашап калышкан. 5 бир туугандын ортончусу.

Ал 10 жылдан бери Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда жана Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде мугалим. Буга катар эле улуттук биринчи каналда «Таалимтай» берүүсүндө актриса болуп эмгектенет.

«Курманжан датка» тасмасында кошокчу эненин образын жаратса, «Раззаков» тасмасында Рабия Менсеитованын ролун аткарган. Жакында эле жаңы тартылган «Саякбай» тасмасында манасчынын жеңесинин ролун аткарган.

Андан сырткары, тойлордо Умай эненин образын жаратып, «Жар-жар» ырдап, тамадалык кылат. Маданиятка кошкон салымы үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 692
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×