Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Чүй

Фото - ӨКМ кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөрдү тамактандырды

Turmush -  Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол», «Ак-Тилек» жана «Чалдовар» көзөмөл-өткөрүү пункттарында кезек күтүп турган жарандар үчүн 9 чатыр тигилип, ысык тамак уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 2017-жылдын 10-октябрында саат 18:00дөн баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарын жана жарандарды өткөрүү Казакстан тарабынан күчөтүлгөн тартипте ишке ашырылып жаткандыгын маалымдаган.  

Бул меселе боюнча кечээ, 11-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Премьер Казакстандын лидерине кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абалды айтып, бул көрүнүштөн кыргыз-казак элине гана эмес, үчүнчү өлкөнүн жарандарына да ыңгайсыздыктар жаралып жатканын билдирген.

Ошол эле күнү саат 23:00дөн тарта казак тарап жарандарды өткөрүүнү тездетип, 1,5 сааттын аралыгында бардык адамдар өткөн. Бирок бүгүн, 12-октябрда саат 08:00дөн тарта казак тарап кайрадан чек ара көзөмөлүнөн өткөрүүнү жайлатты.

Мамлекеттик чек ара кызматы түзүлгөн абалга байланыштуу жарандардан мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн көзөмөл пункттарына чыгууну ала пландоону суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1157
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×