Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Өкмөт башчы иш сапары менен Ысык-Көлгө келди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-октябрда премьер-министр Сапар Исаков иш сапары менен Ысык-Көл облусуна келди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Өкмөт башчынын иш сапары алгач Балыкчы шаарындагы гемодиализ борборунун иши менен таанышуудан башталды. Учурда аталган борбордо мамлекеттин эсебинен 100 адам гемодиализ алышат. С.Исаков гемодиализ маселеси жана бөйрөк оорусу менен жабыркаган жарандардын көйгөйүн тез арада чечүү керектигин белгиледи.

Андан соң өкмөт башчы Тоң районунун Оттук айылындагы орто мектепке барды. Ошондой эле, анын программасында облустун бардык райондорунда болуу каралган. 2 күндө С.Исаков бардык аймактарды кыдырып, облустун активи менен жолугат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 762
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×