Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Нарын

Жумгалдык орус тилчи Г.Курманова «Мыкты мугалим -2017» сынагынан 50 миң сомдук байге утту

Turmush -  Жумгалдык мугалим Гүлзат Курманова жакында онлайн түрүндө өткөн «Мыкты мугалим -2017» сынагына катышып, 50 миң сомдук байге утуп алды. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү борборунан Гүлмира Таранчиева билдирди.

IMG-20171012-WA0000

Анын айтымында, сынактын жыйынтыгында Гүлзат Курманова тизмедеги алдыңкы 10 жеңүүчүнүн катарына кирип, 50 миң сом байгеге ээ болду. Ошондой эле, ага «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси тапшырылып, ноутбук белекке берилди.

Гүлзат Курманова Жумгал районунун Чаек айылындагы орус тилинде билим берген  Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында орус тили жана орус адабияты сабагын окутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 784
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×